# 15-берене. Коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын токтотулушу

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 15-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-15

---

1. Коомдук кеңештин мүчөсү өз каалоосу боюнча жазуу жүзүндө тиешелүү арызын берүү жолу менен кандай болбосун убакта коомдук кеңештен чыга алат.

2. Коомдук кеңештин мүчөсү төмөнкү негиздер болгондо коомдук кеңештин чечими менен коомдук кеңештен мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн:

1) коомдук кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз үч жана андан көп жолу болбогондо;

2) ден соолугунун абалы боюнча коомдук кеңештин ишине катышуусу мүмкүн болбогондо;

3) коомдук кеңештин мүчөсү сот тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;

4) эгерде ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 8-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган фактылардын бар экени жөнүндө белгилүү болгондо.

3. Коомдук кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда (өз каалоосу боюнча же чыгарып салганда) коомдук кеңеш чечим кабыл алынган күндөн 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен Комиссияга жыйналыштын протоколунун көчүрмөсүн жиберет, анда коомдук кеңештин тигил же бул мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө негиздери жана чечими чагылдырылат.

4. Комиссия коомдук кеңештин жыйналышынын коомдук кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө протоколунун көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:

1) ушул коомдук кеңештин резервиндеги талапкерлердин ичинен (эгерде талапкерлердин резерви болсо) коомдук кеңештин жаңы мүчөсүн шайлоо жөнүндө (ушул коомдук кеңештин ишинин калган мөөнөтүнө); болбосо

2) эгерде ушул коомдук кеңеште талапкерлердин резерви жок болсо, ушул Мыйзамда белгиленген жолжобого ылайык коомдук кеңешке жаңы мүчө шайлоо жөнүндө конкурс жарыялайт. Мында сунушталган талапкерлердин жетиштүү саны болсо, коомдук кеңешке жаңы мүчөнү шайлоо менен бир эле убакта Комиссия ушул коомдук кеңеш үчүн талапкерлердин резервин түзүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-16)
