# 13-берене. Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын токтотулушу

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 13-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-13

---

1. Мамлекеттик органдардан Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:

1) ээлеген кызматынан бошотулганда;

2) шайлануу мөөнөтүнүн аяктаганда;

3) Комиссиянын ошол мүчөсүн дайындаган мамлекеттик органдын чечими боюнча (кандай болбосун убакта);

4) Комиссиянын чечими боюнча - ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер болгондо.

2. Жарандык коомдон Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй негиздер боюнча токтотулат:

1) шайланган мөөнөтү бүткөндө;

2) өзүнүн каалоосу боюнча (жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде);

3) Комиссиянын чечими боюнча - ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер болгондо.

3. Комиссия төмөнкүдөй жагдайлар болгондо Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу:

1) Комиссиянын жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз үч же андан ашуун болбогондо;

2) медициналык корутунду менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча Комиссия мүчөсү Комиссиянын ишине катышууга мүмкүнчүлүгү болбогондо;

3) кынтыксыз эмес жүрүм-туруму үчүн (ушул жагдай боюнча чечим Комиссия тарабынан мүчөлөрүнүн жалпы санынын 3/2 добуштары менен чыгарылат).

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-14)
