13-берене. Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын токтотулушу
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
1. Мамлекеттик органдардан Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
1) ээлеген кызматынан бошотулганда;
2) шайлануу мөөнөтүнүн аяктаганда;
3) Комиссиянын ошол мүчөсүн дайындаган мамлекеттик органдын чечими боюнча (кандай болбосун убакта);
4) Комиссиянын чечими боюнча - ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер болгондо.
2. Жарандык коомдон Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй негиздер боюнча токтотулат:
1) шайланган мөөнөтү бүткөндө;
2) өзүнүн каалоосу боюнча (жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде);
3) Комиссиянын чечими боюнча - ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер болгондо.
3. Комиссия төмөнкүдөй жагдайлар болгондо Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу:
1) Комиссиянын жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз үч же андан ашуун болбогондо;
2) медициналык корутунду менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча Комиссия мүчөсү Комиссиянын ишине катышууга мүмкүнчүлүгү болбогондо;
3) кынтыксыз эмес жүрүм-туруму үчүн (ушул жагдай боюнча чечим Комиссия тарабынан мүчөлөрүнүн жалпы санынын 3/2 добуштары менен чыгарылат).
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-13" title="13-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>