# 12-берене. Комиссия мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 12-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-12

---

1. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Комиссиянын ишине тиешелүү кандай болбосун маселе боюнча өз пикирин эркин айтууга;

2) Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдору жана материалдары, Комиссиянын башка документтери менен таанышууга;

3) өзүнүн каалоосу боюнча Комиссиянын курамынан чыгууга.

2. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) комиссиянын жыйналыштарынын ишине жеке катышууга;

2) Комиссиянын регламентин сактоого.

3. Комиссия мүчөлөрү өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда:

1) бирдей укуктарга ээ;

2) Комиссияга шайлоо үчүн сунушталган уюмдардын чечимдерине байланышпайт;

3) Комиссияда өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-13)
