# 11-берене. Комиссиянын ишин уюштуруу

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 11-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-11

---

1. Комиссиянын ишинин негизги формасы жыйналыш болуп саналат.

2. Жыйналыштар жана төраганы шайлоо Комиссиянын регламентине ылайык өткөрүлөт.

3. Эгерде Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, Комиссиянын жыйналышы укук ченемдүү болот.

4. Комиссиянын жыйналышы зарылчылдыгына жараша өткөрүлөт.

5. Комиссиянын чечимдери Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.

6. Комиссия Катчылыгынын иш-милдеттери Өкмөт Аппаратына жүктөлөт.

7. Комиссия мүчөлөрү Катчылык тарабынан Комиссиянын кезектеги жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен датасы жана күн тартиби жөнүндө кабарландырылат. Жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча материалдар Комиссия мүчөлөрүнө алар жыйналышта каралганга чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен жиберилет.

8. Комиссиянын чечими боюнча Комиссиянын жыйналышына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун уюмдарынын, илимий мекемелердин өкүлдөрү, эксперттер жана башка адистер каралып жаткан маселелер боюнча маалыматтарды берүү үчүн чакырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-12)
