# 10-берене. Комиссиянын ыйгарым укуктары

- Документ: [Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205299)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 74 "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "Об общественных советах государственных органов" и внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000474)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5065/edition/1268492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205299/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө, 10-берене (09.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-10

---

Комиссияга төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:

1) коомдук кеңештердин курамдарына мүчөлөрдү тандап алуу үчүн конкурс уюштурат;

2) коомдук кеңештерге талапкерлердин резервин түзөт;

3) коомдук кеңештин чыгып кеткен мүчөсүнүн ордуна талапкерлердин резервинен жаңы мүчөнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

4) жарандык коомдон Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени чечет;

5) министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана администрациялык ведомстволордон жана өз алдынча башкаруу органдарынан коомдук кеңештердин курамдарына жана коомдук кеңештер үчүн талапкерлердин резервине конкурс өткөрүүгө жана мүчөлөрдү тандап алуу үчүн зарыл маалыматты сурап алат;

6) өз ишинин регламентин бекитет;

7) коомдук кеңештер түзүлгөн министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство кайра уюштурулган же жоюлган учурларда, ушул Мыйзамга ылайык коомдук кеңештердин андан аркы иши же ишин токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205299/st-11)
