# КР 2014-жылдын 27-майындагы № 79 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 27-майындагы № 79 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205296>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5062/edition/542003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205296.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 27-майындагы № 79 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (27.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205296

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 27-майы № 79 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205296/st-1)

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 7-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу эмес оорулардын (уулануу) болуу коркунучу же пайда болушу жана таралышы, техногендик мүнөздөгү авариялар) текшерүүлөр капыстык мүнөздө болушу мүмкүн жана калктын саламаттыгынын абалына жол берилбес таасирдин себептерин жана булактарын табуу жана алардын алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында жазуу жүзүндөгү багыттамасыз (билдирмесиз) жүргүзүлүшү мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205296/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарыялангандан кийин үч айдын ичинде өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205296/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
