Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 27-майы № 79 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 7-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу эмес оорулардын (уулануу) болуу коркунучу же пайда болушу жана таралышы, техногендик мүнөздөгү авариялар) текшерүүлөр капыстык мүнөздө болушу мүмкүн жана калктын саламаттыгынын абалына жол берилбес таасирдин себептерин жана булактарын табуу жана алардын алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында жазуу жүзүндөгү багыттамасыз (билдирмесиз) жүргүзүлүшү мүмкүн.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарыялангандан кийин үч айдын ичинде өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 4026-V "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү…Постановление · 30.04.2014 · № 4026-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1362-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.06.2023 · № 1362-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1363-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.06.2023 · № 1363-VII
Шилтеме берет (1)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72