# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205291)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 19-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205291/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5057/edition/543480/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205291/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 3-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205291/st-3

---

«Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., №4, 195-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 1-берененин 5-бөлүгү «жеке жактардын» деген сөздөрдөн мурда «ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын.

2. 16-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:

«9. Төмөнкүлөрдүн жарнагына жол берилбейт: эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун; адам органдарын жана (же) ткандарын сунуштоолорго; порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга; коомго каршы жүрүм-турумга тартууга багытталгандарга.».

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205291/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205291/st-4)
