# КР 2014-жылдын 19-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 19-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5057/edition/543480/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 19-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205291

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 19-майы № 69 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексинин, КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205291/st-1)

(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205291/st-2)

(КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205291/st-3)

«Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., №4, 195-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 1-берененин 5-бөлүгү «жеке жактардын» деген сөздөрдөн мурда «ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын.

2. 16-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:

«9. Төмөнкүлөрдүн жарнагына жол берилбейт: эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун; адам органдарын жана (же) ткандарын сунуштоолорго; порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга; коомго каршы жүрүм-турумга тартууга багытталгандарга.».

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205291/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
