# 9-берене. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди парафирлөө жана кол коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 9-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-9

---

1. Президент мамлекет башчысы катары Конституцияга жана эл аралык укукка ылайык мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле аларды атайын ыйгарым укуктарсыз парафирлейт жана кол коёт.

2. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Министрлер Кабинетинин атынан чыгат, эл аралык укукка ылайык мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле аларды атайын ыйгарым укуктарсыз парафирлейт жана кол коёт.

3. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси эл аралык укукка ылайык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле аларды атайын ыйгарым укуктарсыз парафирлейт жана кол коёт.

4. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы жүргөн мамлекет менен же ушул эл аралык уюмдун алкактарында эл аралык келишимди түзүү жөнүндө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көрсөтмөсүнүн негизинде атайын ыйгарым укуктарсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.

5. Мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимге кол коюу келишим түзүүчү тараптар макулдашуу жолу менен тиешелүү кызмат адамынын кол тамгасын коюу аркылуу, анын ичинде кызмат адамын идентификациялоону, эл аралык келишимге кол коюунун датасын, убактысын жана ордун белгилөөнү камсыз кылган маалыматтык технологияларды колдонуу менен, атап айтканда, электрондук кол коюу технологиясы аркылуу жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-10)
