# 8-берене. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу чечимдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2025 [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988); 09.06.2015 [Закон КР от 9 июня 2015 года № 126 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111169)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 8-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-8

---

1. Мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу чечимдер Президент тарабынан Президенттин тескемеси түрүндө кабыл алынат. Мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу жөнүндө сунушту Президентке Министрлер Кабинетинин Төрагасы киргизет.

2. Өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу жөнүндө чечимдер Министрлер Кабинети тарабынан Министрлер Кабинетинин тескемеси түрүндө кабыл алынат.

3. Эл аралык келишимди түзгөн каттар же болбосо ноталар менен алмашуу аркылуу түзүлүүсү болжолдонуучу мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын тиешелүү катын же нотасын жактыруу тууралуу чечим тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети тарабынан алардын компетенциясынын чегинде тескеме түрүндө кабыл алынат.

4. Эл аралык келишимдин долбоорун (Кыргыз Республикасынан нотанын же каттын долбоорун эгерде эл аралык келишимди эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүү болжолдонгон учурда) жактыруу тууралуу чечим эл аралык келишимге кол коюу чечими дегендикти билдирет.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126, 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-9)
