# 7-берене. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2025 [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988); 09.06.2015 [Закон КР от 9 июня 2015 года № 126 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111169)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 7-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-7

---

1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорлору жана аларды түзүү жөнүндө сунуштар тиешелүүлүгүнө жараша Президентке, Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизилгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен ушул берененин 2-бөлүгүн эске алуу менен макулдашылат.

2. Тиешелүү комитеттерде макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке төмөнкүлөр жиберилет:

1) Жогорку Кеңеш тарабынан кийин ратификациялоого жаткан мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эки тараптуу эл аралык келишимдин долбоору;

1-1) ноталар же каттар жана (же) алардын долбоорлору - эгерде кийин Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга жаткан мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишим эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүү болжолдонгон учурда;

2) жоболору чегинүүлөрдү билдирүүгө тыюу салган же белгилүү категориядагы чегинүүлөрдү гана билдирүүгө жол берген, Жогорку Кеңеш тарабынан кийин ратификациялоого жаткан көп тараптуу мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдин долбоору.

Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык талап кылынган башка документтер менен бирге Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине жиберилет.

3. Тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы алардын компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сунуштамалары менен макул болгон учурда тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы алардын компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгууну жана макулдашууну жана ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык аны түзүү жөнүндө сунуш киргизүүнү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына тапшырат, же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын компетенциясынын чегинде алардын сунушу боюнча сунушту иштеп чыгуу, макулдашуу жана киргизүү мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жүктөлөт.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын тиешелүү органдары менен эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоо боюнча консультацияларды өткөрөт.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126, 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-8)
