# 5-берене. Кыргыз Республикасынын өзү үчүн эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүү ыкмалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 5-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын өзү үчүн эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдугу төмөнкү жолдор менен билдирилиши мүмкүн:

1) эл аралык келишимге кол коюу (ратификациялоого же бекитүүгө жатпаган эл аралык келишимдерге карата);

2) эл аралык келишимди түзгөн ноталарды же каттарды алмашуу;

3) эл аралык келишимди ратификациялоо;

4) эл аралык келишимге кошулуу;

5) эл аралык келишимди бекитүү;

6) эл аралык келишимдин башка тарабы (тараптары) менен келишилген макулдук билдирүүнүн кандай болбосун башка ыкмасын колдонуу.

2. Эл аралык келишимдердин Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ыйгарым укуктуу кызмат адамдары же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген алардын компетенцияларына ылайык жүзөгө ашырылат.

Эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ратификациялоо, кошулуу же бекитүү жолу менен тиешелүү ченемдик укуктук актыны чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-6)
