# 41-берене. Эл аралык келишимдердин колдонулушун токтото туруунун жана токтотуунун кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 41-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-41

---

1. Эгерде келишимде башкача каралбаса же анын башка катышуучулары менен башкача макулдашылбаса, эл аралык келишимдин колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасын келишимдин колдонулушу алар менен токтотула турган келишимдин катышуучулары менен өзүнүн мамилелеринде келишимди токтото туруу мөөнөтүнүн ичинде аткаруу милдеттенмесинен бошотот жана калган учурларда Кыргыз Республикасынын келишиминде белгиленген анын башка катышуучулары менен укуктук мамилелерине таасир тийгизбейт.

2. Эл аралык келишимдин колдонулушу токтотулуп турган мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары келишимдин колдонулушун жаңыртууга жолтоо боло турган аракеттерди жасоодон карманышат.

3. Эгерде келишимде башкача каралбаса же анын башка катышуучулары менен башкача макулдашылбаса, эл аралык келишимдин колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасын андан ары келишимди аткаруудагы бардык милдеттеринен бошотот жана анын колдонулушу токтотулганга чейин келишимди аткаруунун натыйжасында пайда болгон Кыргыз Республикасынын укуктарына, милдеттенмелерине же юридикалык абалына таасир тийгизбейт.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-42)
