41-берене. Эл аралык келишимдердин колдонулушун токтото туруунун жана токтотуунун кесепеттери
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 5-глава
1. Эгерде келишимде башкача каралбаса же анын башка катышуучулары менен башкача макулдашылбаса, эл аралык келишимдин колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасын келишимдин колдонулушу алар менен токтотула турган келишимдин катышуучулары менен өзүнүн мамилелеринде келишимди токтото туруу мөөнөтүнүн ичинде аткаруу милдеттенмесинен бошотот жана калган учурларда Кыргыз Республикасынын келишиминде белгиленген анын башка катышуучулары менен укуктук мамилелерине таасир тийгизбейт.
2. Эл аралык келишимдин колдонулушу токтотулуп турган мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары келишимдин колдонулушун жаңыртууга жолтоо боло турган аракеттерди жасоодон карманышат.
3. Эгерде келишимде башкача каралбаса же анын башка катышуучулары менен башкача макулдашылбаса, эл аралык келишимдин колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасын андан ары келишимди аткаруудагы бардык милдеттеринен бошотот жана анын колдонулушу токтотулганга чейин келишимди аткаруунун натыйжасында пайда болгон Кыргыз Республикасынын укуктарына, милдеттенмелерине же юридикалык абалына таасир тийгизбейт.
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-41" title="41-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>