# 4-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишимдердин тили жана формасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 4-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-4

---

1. Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде, ал эми айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын расмий тилинде жана (же) эл аралык келишимдин башка тарабынын (тараптарынын) тилинде түзөт.

Эл аралык келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт. Эл аралык келишимдин тараптарынын макулдашуусу боюнча келишимдин тили болуп башка тил да аныкталышы мүмкүн. Эл аралык келишимдин тексти түзүлгөн тил ошол келишимдин текстинде көрсөтүлөт. Эгерде эл аралык келишим эл аралык уюмдун алкактарында түзүлсө, Кыргыз Республикасы эл аралык келишимди ошол эл аралык уюмдун жумушчу тилинде же болбосо эл аралык уюмдун тараптары менен макулдашылган тилде түзөт.

2. Эл аралык келишимди же анын долбоорун мамлекеттик жана (же) расмий тилдерге которуу зарыл болгон учурда, которуу аны түзүү жөнүндө сунуш киргизген мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-5)
