# 38-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу же андан чыгуу) жөнүндө сунуштар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2025 [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988); 09.06.2015 [Закон КР от 9 июня 2015 года № 126 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111169)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 38-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-38

---

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар ушул Мыйзамдын 39-беренесин эске алуу менен тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет.

2. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболорду камтыган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар алар жактырылгандан кийин тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Жогорку Кеңешке киргизилет.

3. Тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүүдө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштарга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн эл аралык келишимдин көчүрмөсү (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн ноталардын же каттардын көчүрмөлөрү - эгерде эл аралык келишим эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн учурда;

2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуунун, андан чыгуунун) максатка ылайыктуулугунун негиздемеси;

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) үчүн зарыл болгон тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;

4) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;

5) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) менен байланыштуу өзгөртүүнүн, толуктоонун, колдонулушун токтото туруунун, күчүн жоготту деп таануунун же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун зарылдыгына юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;

6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуу, андан чыгуу) мүмкүн болуучу каржылык кесепеттери жөнүндө финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;

7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуу, андан чыгуу) мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашууну ырастаган документтер;

8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.

4. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар аларды тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашылат.

5. Жогорку Кеңеш, Жогорку соттун атынан сот бийлигинин органдары жана Конституциялык сот төмөнкүлөрдү сунуштоосу мүмкүн:

1) Президентке Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө маселени кароону;

2) Министрлер Кабинетинин Төрагасына өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө маселени Министрлер Кабинети тарабынан кароону.

6. Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын сунуш-пикирлери менен макул болгон учурда, тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы өзүнүн компетенциясынын чегинде кийин тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүү үчүн ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунушту иштеп чыгууну жана макулдашууну министрликке, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомствого же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органына тапшырат же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча алардын компетенциясынын чегинде жогоруда көрсөтүлгөн иштеп чыгуу жана макулдашуу мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жүктөлөт.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126, 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-39)
