# 36-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдердин жараксыздыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 36-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-36

---

1. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишим эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимди жараксыз деп таануу үчүн эл аралык укуктун ченемдеринде каралган негиздер болсо, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары алардын компетенциясына ылайык тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча эл аралык укуктун ченемдерине ылайык алардын жарактуулугун талашуу тууралуу сунушу менен андай эл аралык келишимдердин жараксыздыгына негиздеме берет:

1) Президентке Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуу боюнча - мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге карата;

2) Министрлер Кабинетине - Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча өкмөттөр аралык же мамлекеттер аралык, ошондой эле ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге карата.

(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-37)
