# 32-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 32-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-32

---

1. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген учурдан тартып эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү аткарылууга жатат.

2. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат. Тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, администрациялык ведомстволорду, Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттик органдарын, ошондой эле кызмат адамдарын аныктайт.

3. Тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин алардын компетенциясынын чегиндеги сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жоопкерчилик атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жана мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына жүктөлөт.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасы тарабынан мындай эл аралык келишимдер боюнча кабыл алган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат, бул эл аралык келишимдерден келип чыккан Кыргыз Республикасына таандык укуктарды ишке ашырат, ошондой эле көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер боюнча алардын милдеттенмелерин башка тараптар сактоосун жана аткаруусун байкоого алат.

5. Тиешелүүлүгүнө жараша Президент жана Министрлер Кабинети алардын компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.

(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-33)
