# 30-берене. Депозитарийдин функцияларын жүзөгө ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 30-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-30

---

1. Эгерде ушул эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык андай функциялар Кыргыз Республикасына жүктөлсө, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык көп тараптуу келишимдердин депозитарийинин функцияларын жүзөгө ашырат.

2. Чет мамлекеттер (алардын органдары), эл аралык уюмдар (алардын органдары) же көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийинин функцияларын аткаруучу алардын башкы аткаруучу кызмат адамдары менен кат алышуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

3. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күчүнө киргендиги жөнүндө, ошондой эле алардын колдонулушун токтото туруу же болбосо мындай келишимдерди денонсациялоо жөнүндө Жогорку Кеңешке, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, кызыкдар министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына маалымдайт.

(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-31)
