# 3-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишимдердин аталышы жана түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 3-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-3

---

1. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишим келишим, макулдашуу, конвенция, протокол деп аталышы, ошондой эле башка аталыштарга ээ болушу мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишимдер ага катышкан тараптардын саны боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу болуп бөлүнөт.

Колдонуу мөөнөтү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери мөөнөттүү жана мөөнөтсүз болуп бөлүнөт.

3. Эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен төмөнкүлөрдүн атынан түзүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын - мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) - парламенттер аралык эл аралык келишимдер;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) - өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер;

4) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) атынан сот бийлигинин органдарынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот), Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын (мындан ары - атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары) жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын - ведомстволор аралык эл аралык келишимдер.

(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-4)
