# 25-берене. Эл аралык келишимдерге карата эскертмелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 25-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-25

---

1. Көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коюуда, ратификациялоодо, бекитүүдө же эл аралык келишимдерге кошулууда эл аралык укуктун тиешелүү ченемдерин сактоо менен эскертмелер жасалышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасы тарабынан кийин ратификациялоого же бекитүүгө жаткан көп тараптуу эл аралык келишимдерге карата кол коюуда (эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөөдө) Кыргыз Республикасы тарабынан жасалган эскертмелер Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоодо же бекитилүүдө тиешелүү ченемдик укуктук актыда баяндоо аркылуу ырасталууга тийиш.

3. Эскертмелер алар кандай тартипте жасалса, ошондой эле тартипте кайра алынышы мүмкүн.

4. Эл аралык келишимдердин башка тарабы жасаган эскертмелерди кабыл алуу келишимдин өзүнүн шарттарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Эл аралык келишимдердин башка тарабы жасаган эскертмелер, эгерде Кыргыз Республикасы он эки айдын ичинде андай эскертмелерге карата каршы пикирин билдирбесе, Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.

5. Эл аралык келишимдин тарабы жасаган эскертмелерге карата Кыргыз Республикасынын каршы пикири андай эл аралык келишимдин шарттарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Эл аралык келишимдин тарабы жасаган эскертмеге карата Кыргыз Республикасынын каршы пикири жөнүндө сунуштары ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн жана 7-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрүнүн тиешелүү жоболорунда белгиленген тартипте киргизилет жана макулдашылат.

6. Кыргыз Республикасы эки тараптуу эл аралык келишимдерге карата эскертмелерди колдонбойт.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-26)
