# 23-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин убактылуу колдонулушун токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 23-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-23

---

1. Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (алардын бөлүктөрүнүн) убактылуу колдонулушун токтотот, эгерде:

1) тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети алардын компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын 18-беренесине ылайык бекитилүүгө тийиш болгон убактылуу колдонуп жаткан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимди бекитпөө жөнүндө биротоло чечим кабыл алса;

2) тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинети өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын 11-беренесине ылайык ратификацияланууга тийиш болгон мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө сунушту жактырбоо жөнүндө биротоло чечим кабыл алса;

3) Жогорку Кеңеш мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялабоо жөнүндө биротоло чечим кабыл алса.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдер кабыл алынган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы депозитарийге же эл аралык келишимди убактылуу колдонгон тараптарга тиешелүү билдирүү жиберет.

(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-24)
