# 22-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин убактылуу колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 22-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-22

---

1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер же алардын бөлүктөрү күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө убактылуу колдонулушу мүмкүн.

2. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди же алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасы тарабынан убактылуу колдонулушу жөнүндө чечим андай эл аралык келишимдерге кол коюу жөнүндө чечим кабыл алган мамлекеттик кызмат адамы же мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасы тарабынан убактылуу колдонулуучу мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер (алардын бөлүктөрү), алар күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдериндей эле тартипте аткарылууга жана сакталууга жатат.

(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-23)
