Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Терминдердин колдонулушу
Күчүндө · 24.07.2025 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү терминдер пайдаланылат: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусу болгон, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим; түзүү - эл аралык келишимдин долбоорунун текстин даярдоо, аны кабыл алуу, эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөө жана анын милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүү боюнча аракеттердин ырааттуулугун билдирет; кол коюу - ыңгайга жараша эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөөнү (эл аралык келишимдин биротоло формасын жана мазмунун белгилөө) же болбосо эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ыкмасын билдирет; ички мамлекеттик жол-жоболор - эл аралык келишимди ратификациялоону, кошулууну же бекитүүнү билдирет; ратификациялоо, кошулуу жана бекитүү - ыңгайга жараша Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдин өзү үчүн милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ыкмасын билдирет; ыйгарым укуктар - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан же компетенттүү мамлекеттик органынан чыгуучу документти билдирет жана ал аркалуу бир же бир нече адам Кыргыз Республикасынын атынан төмөнкү максаттарда чыгуу үчүн дайындалат;
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- эл аралык келишимдин долбоорунун текстин кабыл алуу;
- эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөө;
- эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдукту билдирүү;
- эл аралык келишимге тиешелүү кандай болбосун башка актыны жасоо;
парафирлөө - эл аралык келишимдин тараптарынын ыйгарым укуктуу жактары тарабынан эл аралык келишимдин долбоорунун баракчаларына өздөрүнүн аты-жөндөрүн коюудан же башка макулдашылган ыкмалардан көрүнгөн эл аралык келишимдердин долбоорунун тексттин биротоло макулдашууну күбөлөндүрүүнү билдирет; эл аралык келишимдин тараптары - ыңгайга жараша эл аралык келишимдин долбоорунун текстин даярдоого, аны кабыл алууга катышкан же эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилеген же болбосо эл аралык келишимдин катышуучусу болуп саналган эл аралык укук субъектин билдирет; аутенттүү тексттер - ар кайсы тилдерде түзүлгөн, бирок бирдей юридикалык күчкө ээ эл аралык келишимдин тексттерин билдирет; эскертме - эл аралык келишимге кол коюуда (эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөөдө) же анын өзү үчүн милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүү аркылуу эл аралык келишимди ал тарапка карата колдонууда эл аралык келишимдин белгилүү бир жоболорунун юридикалык колдонулушун алып салуу же өзгөртүү аркылуу жасалган эл аралык келишимдин талаптарынын бир тараптуу билдирүүсүн билдирет; эл аралык уюм - тиешелүү эл аралык келишимди түзүү жолу менен уюшулган мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык уюмду билдирет; депозитарий - эл аралык келишимдин түп нускасы сактоого берилген жана ал келишимге карата эл аралык укукта каралган функцияларды аткарган мамлекетти, эл аралык уюмду же анын башкы аткаруучу кызмат адамын же болбосо анын ыйгарым укуктуу органын билдирет; денонсация (токтотуу, андан чыгуу) - эл аралык укуктун ченемдерине ылайык эл аралык келишимдин тарабына карата эл аралык келишимдин колдонулушун токтотуу; кошулуу жөнүндө грамота, ратификациялык грамота - тиешелүүлүгүнө жараша кошулуу же ратификациялоо жолу менен ал үчүн эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдукту Кыргыз Республикасынын билдирүүсү жөнүндө күбө болуучу атайын документ.
Берененин тексти 24.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 25 "Бишкек шаарында 1999-жылдын 17-июнунда кол коюлган Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Тажикстан…Постановление · 17.01.2017 · № 25
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 23.03.2018 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 171 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Эрматов демилгечи болгон "Мамлекеттик органдардын коомдук…Постановление · 05.04.2013 · № 171 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмѳтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 709 "Кыргыз Республикасында инвестицнялар жөнγнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 17.12.2014 · № 709 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205286/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>