# 18-берене. Ратификациялоого жатпаган эл аралык келишимдерди бекитүү тууралуу чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2025 [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988); 09.06.2015 [Закон КР от 9 июня 2015 года № 126 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111169)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 18-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-18

---

1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди бекитүү жөнүндө чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат:

1) Президент тарабынан - мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер боюнча жарлык түрүндө;

2) Министрлер Кабинети тарабынан - өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер же Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер боюнча токтом түрүндө.

2. Төмөнкүлөр бекитилүүгө жатат:

1) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан кол коюлган, ратификациялоого жатпаган, бирок мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышын караган же болбосо аларды бекитүүнү караган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер;

2) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан кол коюлган, мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышын же болбосо аларды бекитүүнү караган ведомстволор аралык эл аралык келишимдер.

3. (КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Эл аралык келишимдерди бекитүү тууралуу сунуштар ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 1, 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленгенге окшош тартипте берилет.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126, 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-172)  
Кийинки берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-181)
