# 172-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же алардан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 172-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-172

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же алардан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү жөнүндө чечимдер Президент тарабынан тескеме түрүндө кабыл алынат.

2. Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерине жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же алардан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү жөнүндө чечимдер Министрлер Кабинети тарабынан тескеме түрүндө кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же алардан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү жөнүндө сунуштар тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизилгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашылат.

4. Тиешелүүлүгүнө жараша Президентке жана Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизүүдө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же алардан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү жөнүндө сунуштарга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн эл аралык келишимдин көчүрмөсү;

2) эл аралык келишимдин депозитарийи болуп саналган чет мамлекеттин же эл аралык уюмдун Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине кошулууга же андан чыгууга үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин расмий кабарлоосун жиберүү жөнүндө расмий кайрылуусу;

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусуна же андан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын макулдук берүүсү жөнүндө тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин алардын компетенциясынын чегинде тескемесинин долбоору;

4) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;

5) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусунун же андан чыгуусунун мүмкүн болуучу финансылык кесепеттери жөнүндө финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;

6) кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жана мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине үчүнчү мамлекеттин, эл аралык уюмдун же эл аралык укуктун башка субъекттеринин кошулуусунун же андан чыгуусунун мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө макулдашууну ырастаган документтер;

7) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка документтер.

(КР 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [171-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-171)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-18)
