# 171-берене. Кошулуу жөнүндө грамота жана аны депозитарийге сактоого берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2025 [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988); 09.06.2015 [Закон КР от 9 июня 2015 года № 126 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111169)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 171-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-171

---

1. Эгерде бул Кыргыз Республикасы кошулуп жаткан мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ушул эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин алардын компетенциясынын чегиндеги ченемдик укуктук актысынын негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кошулуу жөнүндө грамота чыгарылып, ага Президент кол коёт жана анын мөөрү, ошондой эле тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен бекитилет.

2. Эгерде бул Кыргыз Республикасы кошула турган мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ушул эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, же болбосо тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин же Министрлер Кабинетинин алардын компетенциясынын чегиндеги ченемдик укуктук актынын негизинде депозитарийге (депозитарийлерге) сактоого кошулуу жөнүндө грамотаны тапшыруу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, же болбосо анын тапшырмасы боюнча эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан жүргүзүлөт.

3. Кошулуу жөнүндө грамоталарды эсепке алуу жана каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126, 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-17)  
Кийинки берене: [172-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-172)
