# 13-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 13-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-13

---

Эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан Мыйзам формасында (ратификациялоо жөнүндө Мыйзам) кабыл алынат, ал кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Президент тарабынан кол коюуга жатат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын белгилөөчү жана өзгөртүүчү эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добушу менен Мыйзам формасында (ратификациялоо жөнүндө Мыйзам) кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-14)
