# 12-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2025 [Закон КР от 24 июля 2025 года № 153 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029988); 09.06.2015 [Закон КР от 9 июня 2015 года № 126 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111169)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029753..35502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 12-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-12

---

1. Кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, мындай эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунушту тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине киргизет.

2. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан алардын компетенциясынын чегинде Жогорку Кеңешке киргизилет.

3. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштарга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн эл аралык келишимдин текстинин көчүрмөсү (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн ноталардын же каттардын көчүрмөлөрү - эгерде эл аралык келишим эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн учурда;

2) аны ратификациялоонун максатка ылайыктуулугунун негиздемелери;

3) ратификациялоо үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлору;

4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.

4. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Министрлер Кабинетине алардын компетенциясынын чегинде киргизилгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен макулдашылат.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126, 2025-жылдын 24-июлундагы № 153 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-13)
