# 11-берене. Ратификациялоого жаткан эл аралык келишимдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 июня 2015 года № 126 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О международных договорах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111169)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286#diff=1029751..1029752>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 11-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан кол коюлган же эл аралык конференцияларда добуш берүү жолу менен кабыл алынган төмөнкү мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер ратификациялоого жатат:

1) достук, өз ара жардамдашуу, ошондой эле мамлекеттер аралык мамилелердин башка негиздери жөнүндө;

2) аскердик жаатта кызматташууну белгилөө тууралуу;

3) куралсыздандыруу маселелери боюнча;

4) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча;

5) жамааттык коопсуздук жөнүндө;

6) Кыргыз Республикасын башка мамлекеттер менен аймактык чектөөчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары жөнүндө;

7) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерге мамлекеттик зайымдарды, экономикалык жана башка жардамдарды берүүсү жөнүндө;

8) адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин козгогон маселелер боюнча;

9) эгерде мындай келишимдер Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктарынын бөлүгүн жүзөгө ашырууну өткөрүүнү караса же алардын органдарынын чечимдеринин Кыргыз Республикасы үчүн юридикалык милдеттүүлүгүн белгилесе, Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык союздарга, эл аралык уюмдарга жана башка мамлекеттер аралык бирикмелерге катышуусу тууралуу;

10) Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын эл аралык укуктун башка субъекттеринин пайдалануусу тууралуу;

11) Кыргыз Республикасына насыяларды берүү боюнча;

12) келишимдин жоболорунда ушул бөлүктүн 14-пунктунда белгиленген ченемдер каралган гранттарды жана башка каржылык жардамды Кыргыз Республикасына берүү боюнча;

13) республикалык бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгаша бөлүгүнүн көбөйүүсүнө же болбосо анын киреше бөлүгүнүн азаюусуна алып келүүчү Кыргыз Республикасы тараптан каржылык милдеттенмелерди караган;

14) ушул Мыйзамдын 21-беренесин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарында, кодекстеринде же мыйзамдарында камтылгандардан башка эрежелерди белгилеген;

15) эгерде эл аралык келишимдин өзүндө аны ратификациялоо каралган учурда.

2. Эл аралык укуктун ченемдерине ылайык тараптар ратификациялоо жөнүндө келишишкен мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер да Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга жатат.

3. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга жатпайт:

1) (КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

2) парламенттер аралык эл аралык келишимдер;

3) ведомстволор аралык эл аралык келишимдер.

4. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер аларга ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга жаткан укуктук ченемдерди камтыбашы керек.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-12)
