# 1-берене. Ушул Мыйзамдын милдеттери жана колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205286)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5052/edition/1029751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205286/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө, 1-берене (24.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун тартибин белгилейт.

Эл аралык келишимдер эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция), Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык келишимдердин өзүнүн жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлөт, аткарылат, токтотула турат жана денонсацияланат.

2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун ушул Мыйзамда белгиленген тартиби алардын түрүнө, формасына жана аталышына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык эл аралык келишимдерине карата колдонулат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205286/st-2)
