# КР 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 61 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 61 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205283>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5049/edition/527653/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205283.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 61 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (21.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205283

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 21-апрели № 61 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205283/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 89-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Жеке менчик формасындагы юридикалык жактар өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталыштарын пайдаланууга укуксуз.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205283/st-2)

Өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталыштарын пайдаланган жеке менчик формасындагы юридикалык жактар ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн аталышын өзгөртүүгө милдеттүү. Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып өзүнүн аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу бир жылдын ичинде белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өтпөгөн юридикалык жактар юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205283/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
