# 4-берене

- Документ: [О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2014 год и прогнозе на 2015-2016 годы](https://aqlex.ai/kg/doc/205281)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2015
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 марта 2015 года № 64 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2014 год и прогнозе на 2015-2016 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/114665)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205281#diff=626335..626336>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205281/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5047/edition/626335/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205281/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2014 год и прогнозе на 2015-2016 годы, 4-берене (20.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205281/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен 2014-жылга - 15322700,0 миң сом суммасында, 2015-жылга божомол - 17444700,0 миң сом суммасында, 2016-жылга - 19683300,0 миң сом суммасында каржылоо белгиленсин, анын ичинде: пенсиянын базалык бөлүгүнө 2014-жылга - 8065188,3 миң сом, 2015-жылга божомол - 9937321,3 миң сом, 2016-жылга - 11430303,9 миң сом; пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө 2014-жылга - 1832521,4 миң сом, 2015-жылга божомол - 1899630,0 миң сом, 2016-жылга - 1951992,5 миң сом; "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча дайындалган пенсияларга 2014-жылы – 1813483,9 миң сом. 2015-жылга божомол – 1637434,7 миң сом, 2016-жылга - 1734533,1 миң сом; аскер кызматкерлерин камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2014-жылы - 20000,0 миң сом жана 2015-жылга божомол - 25000,0 миң сом. 2016-жылга - 30000,0 миң сом; пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашагандарга, "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине, № 2 тизме боюнча жана "PESAC" программасына кирген ишканаларда, (текстиль өндүрүшүнүн ишканаларында иштегендерге), пенсияларга кошумча төлөөлөргө (майыптардын, Улуттук Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларынын, "Баатыр эне" же "Мать-героиня" ордендери менен сыйланган энелердин, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендердин), компенсацияларды төлөө (Чернобыль атомдук электр станциясы жана башка жарандык жана аскердик багыттардагы атомдук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, "PESAC" программасына кирген ишканаларда эмгектик мертинүү же кесиптик оору боюнча багуучусунан айрылгандарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулушуна же жоюлушуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтурууга) 2014-жылы - 3591506,4 миң сом, 2015-жылга божомол - 3945314,0 миң сом, 2016-жылга - 4536470,5 миң сом. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу пенсияларды, компенсацияларды жана пенсияларга үстөк акыларды төлөөдөгү 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин 214380,0 миң сом суммасында карыздары 2014-жылы жоюлууга жатаары белгиленсин. (КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205281/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205281/st-5)
