# 6-статья. Саясий укуктар жана эркиндиктер

- Документ: [Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205276)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5042/edition/522788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205276/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 6-статья (03.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-6

---

Аскер кызматчылары болуп саналган адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясында, мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте шайлоого жана мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу. Аскер кызматчыларына мамлекеттик жана аскердик сырды, ошого тете кат жазышуу, телефон менен сүйлөшүү жана телеграфтык билдирүү сырларын сактаган шартта сөз жана басма сөз эркиндигине, ынандыруу эркиндигине жана аларды эркин билдирүүгө кепилдик берилет.".

4. 7-статьяда.

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аскер кызматчысы динге мамиле жасоо жүйөлөрү боюнча аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана динге карата тигил же бул мамилесин пропагандалоо үчүн өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланууга укуксуз.''; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Аскердик бөлүктүн аймагында диний бирикмелерди (мекемелерди) түзүүгө жана алардын ишине жол берилбейт.".

5. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8-статья. Инсандын кол тийбестиги Аскер кызматчысына инсандык кол тийбестикке кепилдик берилет. Аскер кызматчылары аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болот. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары менен ыйгарым укук берилген адамдарды кошпогондо, аскер кызматчыларынын кызматтык ишине эч ким кийлигишүүгө укуксуз. Аскер кызматчыларын кемсинтүү, зомбулук көрсөтүү жана зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, алардын өмүрүнө, ден соолугуна, ар-намысына, беделине, турак жайына, мүлкүнө кол салуу, ошого тете алардын аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга байланышкан укуктарын буза турган жана кемсинткен башка аракеттер (аракетсиздик) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет. Аскер кызматчылары мыйзамдарда, жалпы аскердик уставдарда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган негиздер боюнча жана тартипте гана кармалышы же, анын ичинде тартип жазасы катары камакка алынышы мүмкүн. Аскер кызматчылары аскердик кызматын өтөп жаткан аскер бөлүгү жайгашкандан башка жерде кармалгандыгы жөнүндө аскердик башкаруу органдарына токтоосуз кабарландырылат.".

6. 9-статьяда:

1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан жарандарга аскердик кызматта жүргөн убагы мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызмат стажына, эгерде адистиги боюнча иштесе адистиги боюнча иш стажына кошулат."; 2-бөлүгүндө "Климаттык шарты оор жана жагымсыз жерлерде" деген сөздөр "Бийик тоолуу райондордо, алыскы жана барууга кыйын зоналарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 10-статьяда:

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аскер кызматчылары аскер кызматынын шартына, квалификациясына, аскердик кесибине, аскердик наамына жана аскер кызматында болуу узактыгына жараша мамлекеттин эсебинен акча менен камсыз болууга укуктуу. Мында контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын ээлеген кызмат орундары боюнча маяналардын эң аз өлчөмү Кыргыз Республикасындагы орточо эмгек акыдан төмөн болушу мүмкүн эмес."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-14-бөлүктөр менен толукталсын: "Барымтага алынгандар же мажбурлап кармалгандар катары туткунда болгон бардык убакка аскер кызматчыларына бардык укуктар жана кепилдиктер, анын ичинде акыркы ээлеген кызмат орду боюнча акчалай камсыз болууларды төлөп берүүлөр аскер кызматчыларын туткунга же барымтага алынгандар же мажбурлап кармалгандар катары кармоонун жагдайлары толук такталганга же алар бошотулганга же болбосо алар мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп таанылганга же каза болгон деп жарыяланганга чейин сакталып калат. Аскер кызматчылары дайынсыз жоголгон учурда, аларда аскер кызматчыларынын статусу сакталып калат. Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларында аларды мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп тааныганга же каза болду деп жарыялаганга чейин аскер кызматчыларынын жубайларына же үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнө төлөнүүчү (берилүүчү) акчалай камсыз болуулар, материалдык жана камсыз кылуунун башка түрлөрү сакталып калат. Тергөө органдары же сот тарабынан белгиленген аскер кызматчысынын бөлүктү өз алдынча таштап кетүү же качуу фактысы камсыз болуунун көрсөтүлгөн түрлөрү менен камсыз кылууну токтотууга негиз болуп саналат. Катардагы, сержант жана старшина курамдарынын кызмат орундарында контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларына кийинки кызмат өтөө мөөнөтүнө контракт узартылган учурда, акчалай күтүү маяналарынын эки өлчөмүндө, ал эми андан кийин ар бир жолу контракт түзүүдө акчалай күтүү маяналарынын беш өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет. Кадыр-баркты кетирүүчү негиздерди кошпогондо, катардагы, сержант жана старшина курамдарынын кызмат орундарында контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары бошотулган учурда, көрсөтүлгөн адамдар 10 жана андан көп жыл иштеген шартта башка жөлөкпулдарга кошумча акчалай күтүүнүн беш маянасын алышат."'.

8. 11-13-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-статья. Аскер кызматчыларынын эс алууга укугу Аскер кызматчылары эс алуу укугуна ээ. Бул укук жумасына 40 сааттан ашпаган кызмат убактысын белгилөө, жумалык эс алуу күндөрүн, майрам күндөрүн, ар жылдык жана башка акы төлөнүүчү отпускаларды, ошондой эле эс алуу жана тамактануу үчүн күнүмдүк тыныгууларды берүү менен камсыз кылынат. Кызмат убактысынын узактыгы жана бөлүштүрүлүшү аскер бөлүгүнүн күн тартиби жана аскер бөлүгүнүн (бөлүмдөрүнүн) күжүрмөн даярдыгын такай камсыз кылуунун талаптарына ылайык контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын убактысынын регламенти менен аныкталат. Кызмат жумалыгынын узактыгы мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчылары, аскер-окуу жайларынын (окуу борборлорунун) угуучулары (курсанттары) жана окутуучулар курамы үчүн - бир дем алыш күнү бар алты күндүк; контракт боюнча кызмат өтөп жаткан калган аскер кызматчылары үчүн - эки дем алыш күнү бар беш күндүк болуп белгиленет. Күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты камсыз кылууга байланыштуу машыгуулар, күжүрмөн ок атуулар жана башка иш-чаралар кызмат убактысынын жалпы узактыгы чектелбестен жуманын кайсы күнүндө болбосун план боюнча кыйшаюусуз өткөрүлөт. Түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрүндө аскер кызматынын милдеттерин аткарууга тартылган контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына жуманын башка күндөрүндө ушундай эле узактыктагы дем алыш берилет же алардын каалоосу боюнча бул күндөр кезектеги отпускка кошулат. Отпускту өткөрүүчү жерге баруу жана кайтып келүү үчүн зарыл болгон убакытты эсептебестен аскер кызматында болуунун жалпы узактыгына, аскер кызматынын өзгөчөлүктөрүнө жана шарттарына жараша ар жылдык отпусктун узактыгы: аскер кызматында 10 календардык жылдан кемдерге - 30 сутка, 10дон 15 жылга чейинкилерге - 35, 15тен 20 жылга чейин - 40, 20 жана андан ашык жылга - 50 сутка белгиленет. Аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын өтүнүчү боюнча негизги отпуск аларга бөлүп-бөлүп берилиши мүмкүн. Кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемесин аяктаган аскер кызматчыларына негизги отпуск көрсөтүлгөн билим берүү мекемесин аяктагандыгы боюнча берилет. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына адъюнктурага, аскердик докторантурага кирүү экзамендерине даярдануу жана кирүү экзамендерин тапшыруу үчүн, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелерине өтүүдө кирүү экзамендерин жана аларда окуп жаткан мезгилде экзамендерди тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте окуу отпускалары берилет. Илимий даражалардын изденүүчүлөрү болуп саналган, контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте чыгармачылык отпускалар берилет.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-3)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-12)
