Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-статья. Аскер кызматчыларынын статусуна ээ болуу жана андан ажыроо
Күчүндө · 03.04.2014 редакциясы
Кыргыз Республикасынын жарандары аскер кызматына (ыктыярдуу тартипте же контракт боюнча кирген) же жыйынга чакырылган күндөн тартып аскер кызматчыларынын статусуна ээ болот. Аскер кызматынан бошотулганда (аскер бөлүгүнүн тизмесинен чыгарылган күндөн тартып) же жыйындар аяктаганда аскер кызматчыларынын статусунан ажырашат. Аскер кызматына чакыруу (кирүү) же жыйындарга чакыруу, ошондой эле аскер кызматынан (жыйындардан) бошотуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. Аскер кызматчыларынын статусу төмөнкү учурларда аскер кызматчыларында сакталып калат: эгерде алар мында аскердик антты бузбаса жана Кыргыз Республикасынын алдында кылмыш жасабаса, барымтага алынгандар же мажбурлап кармалгандар катары туткунда болгондо. Мында мамлекеттик бийлик органдары жана аскердик командачылык көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын эл аралык укуктун ченемдерине ылайык бошотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү; аларды мыйзамда белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп тааныганга же каза болду деп жарыялаганга чейин дайынсыз жоголгондо. Аскер кызматчыларынын статусунун чектеринде жарандарга берилген саясий жана социалдык укуктар аларды аскер кызматынан бошоткондон кийин да аларда сакталып калат.".
2. 4-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер кызматчыларынын аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу же аны аткарбоо шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Зарыл болгондо аскер кызматчысы командирдин (начальниктин) буйругу боюнча же өз демилгеси боюнча кандай убакытта жана кандай жерде болбосун өз милдеттерин аткарууга киришүүгө тийиш.".
3. 5 жана 6-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер аскер кызматчыларынын статусунун укуктук негизин түзөт.
Берененин тексти 03.04.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205276/st-3" title="3-статья - Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>