# 2-статья. Аскер кызматчыларынын статусу бар адамдар

- Документ: [Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205276)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5042/edition/522788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205276/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 2-статья (03.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам мекен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматта турган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле аскердик жыйындарда жүргөн аскерге милдеттүүлөр аскер кызматчыларынын статусуна ээ. СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, жарандык коргонуу аскерлеринде, мамлекеттик коопсуздук органдарында жана аскерлеринде, СССРдин башка аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызматта турган жана КМШга катышкан-мамлекеттерде аскердик кызматты улантып жаткан, аскердик кызматтан бошотулгандан кийин туруктуу жашай турган жери катары Кыргыз Республикасын тандаган аскер кызматчылары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарга жана социалдык кепилдиктерге ээ болушат. СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө, чек ара, ички жана темир жол аскерлеринде, жарандык коргонуу аскерлеринде, мамлекеттик коопсуздук органдарында жана аскерлеринде, СССРдин башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызматты улантып жаткан аскер кызматчылары 1993-жылдын 1-январынан кийин үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн шартта Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды жана кепилдиктерди пайдаланышат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-3)
