# 1-берене

- Документ: [Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205276)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 54 "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5042/edition/522788/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205276/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (03.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-1

---

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" гезитинин № 1 тиркемеси, 1992-жылдын августу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-3-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-статья. Аскер кызматчыларынын статусу Аскер кызматчыларынын статусу Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана анын негизинде чыккан мыйзамдарда жана башка актыларда белгиленген, мамлекет тарабынан кепилденген укуктардын жана эркиндиктердин, ошондой эле милдеттердин жана жоопкерчиликтердин жыйындысы. Аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарынан жана эркиндиктеринен аскер кызматынын шарттары менен шартталган чектөөлөр менен пайдаланышат. Аларга конституциялык, башка жалпы жарандык, ошондой эле аскердик-кызматтык милдеттер жүктөлөт. Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кандайдыр бир укуктарынан жана эркиндиктеринен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келгенден башкача ажыратууга же алардын укуктарын чектөөгө эч ким укуксуз. Жалпы жарандык укуктарды чектөөлөр, ошондой эле аскер кызматчыларына кошумча укуктарды берүү жана аларга аскер кызматынын шарттары менен шартталган кошумча милдеттерди берүү ушул Мыйзамда, жалпы аскердик уставдарда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында аныкталат. Согуш убагында, мобилизациялоо мезгилинде, өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205276/st-2)
