Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 22-марты № 52 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 109-статьянын 6-бөлүгүнүн 4-пунктун, 123-статьянын 2-бөлүгүн, 233-статьянын 4-бөлүгүн, 260-статьянын 3-бөлүгүн, 298-статьянын 1-бөлүгүн, 307-статьяны, 331-25-статьянын 4-бөлүгүн, 384-статьянын 2-бөлүгүн, 386-статьянын 3-бөлүгүн, 4-бөлүгүнүн биринчи абзацын жана 2-пунктун, 387-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрүн, 388-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүн, 389-статьянын биринчи абзацын кошпогондо, расмий тилдеги Кодекстин бүткүл тексти боюнча "вновь" деген сөз "новым или вновь" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Мамлекеттик тилдеги 32-статьянын 5-бөлүгүндө "жаңыдан" деген сөз "жаңы же жаңыдан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Мамлекеттик тилдеги 71-статьянын 4-бөлүгүндө "жаңыдан ачылган кырдаалдар" деген сөздөр "жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 384-статьянын 2-бөлүгүн, 385-статьянын аталышын жана 1-бөлүгүн, 386-статьянын 3-бөлүгүн, 4-бөлүгүнүн биринчи абзацын жана 2-пунктун, 387-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрүн, 388-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүн, 389-статьянын биринчи абзацын, 1 жана 2-пункттарын кошпогондо, мамлекеттик тилдеги XII бөлүмдүн аталышында, 43-главанын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "жаңы'' жана "жаңыдан" деген сөздөр "жаңы же жаңыдан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 384-статьяда:
2-бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын. статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын: "(2-1) Жаңы жагдайлар боюнча жазык иши боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоонун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жосундун жазалануусун болтурбоочу же жазаны жеңилдетүүчү мыйзамдын күчүнө кирүүсү;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул жазык иши боюнча сот тарабынан колдонулган мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануусу;
3) ушул жазык ишин Кыргыз Республикасынын соту тарабынан кароодо адам укуктары жана эркиндиктери бузулгандыгын Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык органдардын белгилөөсү.";
3-бөлүгүндө "1-3" деген сандар "2-4" деген сандарга алмаштырылсын.
6. Мамлекеттик тилдеги 385-статьянын аталышында жана 1-бөлүгүндө "жаңыдан ачылган кырдаалдар" деген сөздөр "жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 386-статьяда:
мамлекеттик тилдеги 3-бөлүгүндө "жаңы жагдайлар" деген сөздөр "жаңыдан ачылган жагдайлар" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүгүндө: мамлекеттик тилдеги биринчи абзацында "Жаңы" деген сөз "Жаңыдан" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын. статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "(5) Жаңы жагдайлардын күнү болуп:
1) ушул Кодекстин 384-статьясынын 2-1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык сот тарабынан өндүрүштү козгогон күн;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндөгү чечими күчүнө кирген күн;
3) адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу болгондугу жөнүндө эл аралык органдардын чечими күчүнө кирген күн эсептелет.".
8. 387-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(1) Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо укугу прокурорго, сотко - жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо бөлүгүндө таандык."; 2-бөлүгүндө "негиз" деген сөз "жүйө" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "1-3" деген сандар "2-4" деген сандарга алмаштырылсын.
9. 389-статьяда:
статьянын аталышында "Прокурордун корутундусун кароочу соттун" деген сөздөр "Соттун" деген сөзгө алмаштырылсын; биринчи абзацы "Прокурордун" деген сөздөн мурда "Жаңы жагдайларды же" деген сөздөр менен толукталсын; "Прокурордун" деген сөз "прокурордун" деген сөзгө алмаштырылсын.
10. 390-статьяда "жаңыдан" деген сөз "жаңы же жаңыдан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон