# 1-берене

- Документ: [О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/205272)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205272/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5038/edition/1119918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205272/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205272/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин.

1. 167-берене төмөнкүдөй мазмундагы 42 жана 43-пункттар менен толукталсын:

"42) диний уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акы. сыйлык акылары, компенсациялары жана башка компенсациялоочу жана кызыктырууну мүнөздөгү төлөмдөрү түрүндөгү кирешелери;

43) жеке адамдардын диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн ажылык зыяратты уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелери.".

2. 189-берененин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:

"е) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн, ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле ыктыярдуу кайыр-садагалардан түшкөн кирешелери;".

3. 231-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) диний каадаларды. ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүү, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.".

4. 316-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүү ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205272/st-2)
