# Закон КР от 15 марта 2014 года № 50 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5038/edition/1119918/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 15 марта 2014 года № 50 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики" (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205272

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 15-марты № 50 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205272/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин.

1. 167-берене төмөнкүдөй мазмундагы 42 жана 43-пункттар менен толукталсын:

"42) диний уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акы. сыйлык акылары, компенсациялары жана башка компенсациялоочу жана кызыктырууну мүнөздөгү төлөмдөрү түрүндөгү кирешелери;

43) жеке адамдардын диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн ажылык зыяратты уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелери.".

2. 189-берененин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:

"е) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн, ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле ыктыярдуу кайыр-садагалардан түшкөн кирешелери;".

3. 231-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) диний каадаларды. ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүү, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.".

4. 316-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүү ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205272/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205272/st-3)

2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацын кошпогондо, ушул Мыйзамдын 1-беренесинин жоболорунун колдонулушу 2009-жылдын 1-январынан тартып келип чыккан салыктык укук мамилелерине таркатылары белгиленсин. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктунун үчүнчү абзацынын жоболорунун колдонулушу 2014-жылдын 1-январына чейин келип чыккан салыктык укук мамилелерине таркатылары белгиленсин жана 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205272/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
