1-берене
Күчүндө · 13.03.2014 редакциясы
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 15-статьяда:
5-бөлүгүндө "аңчылык билеттери же мүчөлүк аңчылык билеттери" деген сөздөр "мамлекеттик мергенчилик ырастамасы" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сайлуу найы бар ок атуучу аңчылык куралды мамлекеттик мергенчилик ырастамасынын негизинде мергенчилик статусу белгиленген тартипте ыйгарылган, менчигинде беш жылдан бери ок атуучу аңчылык сайсыз куралы бар Кыргыз Республикасынын жарандары сатып алууга укуктуу. Мында ушул куралды сатып алуу укугун көрсөтүлгөн категориядагы адамдар аңчылыктын, курал чыгаруунун, куралды соодалоонун, сатуунун, бирөөлөргө берүүнүн, сатып алуунун, коллекциялоонун же көргөзмөгө коюунун, куралды эсепке алуунун, сактоонун, алып жүрүүнүн, ташуунун, транспорттоонун жана колдонуунун эрежелерин бузуу менен байланышкан укук бузуулар алар тарабынан жасалбаган шартта алышат."; 8-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2. 16-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашыруучу, мергенчилерге теңдештирилген чет өлкөлүк жарандар аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна өз өлкөсүнүн уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык куралын аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу, бул жөнүндө аңчылыкка контракттарда (келишимдерде) көрсөтүлөт.".
3. 24-статьянын 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү "өздөрүнүн менчиги болбогон" деген сөздөрдөн мурда "ушул Мыйзамда жана "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
4. 26-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аңчылары аларда найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарын сактоо, алын жүрүү жана пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын анык уруксаттары жана мергенчиликти пайдалануучу менен келишим болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык куралын аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу. Спорттук жана аңчылык куралдарды пайдалануунун башка эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.".
Берененин тексти 13.03.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
- Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөЗакон · 13.03.2014 · № 41
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205269/st-1" title="1-берене - Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>