# КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5034/edition/517312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (14.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205268

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 14-марты № 47

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205268/st-1)

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205268/st-20)

төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "5. Көз карандысыз эксперттерди (жеке жана юридикалык жактарды) адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоону Өкмөт тарабынан аныкталуучу, аккредитациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Көз карандысыз эксперттерди (жеке жана юридикалык жактарды) ченемдик укуктук актыларга карата адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоонун тартибин Өкмөт белгилейт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205268/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
