# КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 42 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 42 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5030/edition/510709/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 42 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205264

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 13-марты № 42 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205264/st-1)

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьянын он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кызыл китеп - ага киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин жана козу карындардын биологиясы, таралышы жана жашоо чөйрөсүнүн абалы, аларды сактап калуу, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу боюнча көрүлүп жаткан жана сунушталуучу чаралар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;".

2. 5-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кызыл китеп жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205264/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
