Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Мергенчилик минимуму жана мамлекеттик мергенчилик ырастама
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · 3-глава
1. Аңчы жана алгыр жырткыч куштарды күтүүчү, ошондой эле аңчылыкты пайдалануучулардын наамын алууга талапкер болгон юридикалык жактардын жетекчилери болууга ниеттенген жеке жактар аңчылык жана мергенчилик чарбалык иш чөйрөсүндөгү билимдерге жана көндүмдөргө, атап айтканда, мергенчилик минимуму билимине ээ болууга милдеттүү.
2. Мергенчилик минимумун иштеп чыгуу илимий жана башка зарыл адистерди тартуу менен аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулат. Мергенчилик минимум аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет, анын сайтында жайгаштырылат жана басылмалар түрүндө чыгарылат.
3. Мергенчилик минимумду окуп-үйрөнүү кийин мамлекеттик мергенчилик ырастама алуу үчүн ал боюнча экзамен тапшыруу менен, жеке жактар тарабынан өз алдынча да, уюмдашылган түрдө да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен алуу жана жеке жактарга мамлекеттик мергенчилик ырастамаларын берүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан уюштурулат жана жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик мергенчилик ырастама мергенчилик минимум боюнча экзамен тапшырган жеке жактарга берилет.
5. Мергенчилик минимуму суроолорду, аларга жоопторду жана чечмелөөлөрдү камтыйт жана негизги жана кошумча бөлүктөрдөн турат. Мергенчилик минимумдун негизги бөлүгүн билүү мергенчи, алгыр жырткыч куштарды күтүүчү же аңчылыкты пайдалануучунун жетекчиси болууга ниеттенген бардык жеке жактар үчүн милдеттүү; тиешелүү кошумча бөлүктөрүн билүү аңчылыкты пайдалануучулардын жетекчилери жана алгыр жырткыч куштарды күтүүчүлөр үчүн милдеттүү.
6. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшырган жеке жактарга "А", "Б" жана "Л" тиешелүү атайын категорияларын көрсөтүү менен мамлекеттик мергенчилик ырастама берилет. "А" категориясы жеке жактын мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алуучу бардык жактар үчүн милдеттүү болгон мергенчилик минимумдун негизги бөлүгүн билгендигин ырастайт. "Б" жана "Л" кошумча категориялары жеке жактын тиешелүүлүгүнө жараша аңчылыкты пайдалануучулардын жетекчилери жана алгыр жырткыч куштарды күтүүчүлөр үчүн маалыматтарды билгендигин ырастайт. Жеке жактар тарабынан мамлекеттик мергенчилик ырастамасынын "А"; "А" жана "Б"; "А" жана "Л" же болбосо, "А", "Б" жана "Л" категорияларын алышы чектелбейт жана алардын каалоосуна жана мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшырышынын натыйжаларына жараша жүзөгө ашырылат же болбосо алардын андан аркы аракеттеринин (ишинин) багытталгандыгына жараша милдеттүү болуп саналат.
7. Мамлекеттик мергенчилик ырастама документ болуп саналат, бирдиктүү формага, эсептик серияга жана номерге ээ. Белгиленген тартипте берилген мамлекеттик мергенчилик ырастамалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлүү үчүн жарактуу жана башка мамлекеттердин аймактарында да таанылышы мүмкүн.
8. Мергенчи жол берген укук бузуу (браконьерлик) фактылары табылганда, анын мамлекеттик мергенчилик ырастамасы мамлекеттик мергенчилик инспекторлору же мамлекеттик мергенчилик инспекторлорунун укуктары берилген башка жактар тарабынан алынып коюлат. Алынып коюлган мамлекеттик мергенчилик ырастама аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же укук бузуу (браконьерлик) фактысы табылган жердеги анын аймактык түзүмдүк бөлүмүнө белгиленген тартипте өткөрүп берилет. Мамлекеттик мергенчилик ырастаманы кайтарып берүү укук бузган мергенчиге коюлган айыптык жана доолук суммалар төлөнгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик мергенчилик ырастама бир нече жолу (3 жолудан көп) алынып коюлган учурда, аңчы өз статусунан мергенчилик минимум боюнча экзаменди кайталап (кайрадан) тапшырганга чейин ажыратылат.
9. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшыруу жана мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат.
10. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшыруунун жана кайрадан тапшыруунун тартиби, мамлекеттик мергенчилик ырастамалардын формасы жана мазмуну, аларды жол-жоболоштуруунун, берүүнүн, алып коюунун, кайтарып берүүнүн, жокко чыгаруунун (жараксыз деп таануунун) тартиби, экзамен тапшыруу жана мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2015 · № 401
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү Эрежеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 401 токтому менен бекитилген)Правила · 23.06.2015 · № 401
- Оптималдаштырууга, жөнөкөйлөтүүгө тийиштүү болгон уруксат берүү мүнөзүндөгү документтердин тизмеги (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 144…Приложение · 16.04.2026 · № 144
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205263/st-8" title="8-берене - Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>