# 7-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263#diff=1284054..1284055>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 7-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-7

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышуу;

2) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана табигый жана техногендик мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарында жана өзгөчө кырдаалдарда аларды куткаруу боюнча иш-чараларга катышуу;

3) коомдук мергенчилик контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;

4) аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагында аңчылык ишти киргизүү боюнча чаралар жөнүндө жергиликтүү калкты кабардар кылуу;

5) аңчылык ресурстарын сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу маселелеринде жергиликтүү коомдоштуктар менен өз ара мамилелерди түзүүдө аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-8)
