# 5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 5-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды жана мамлекеттик программаларды кабыл алуу жана бекитүү жана аларды ишке ашырууну контролдоо;

2) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоо;

3) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү (аныктоо);

4) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши үчүн мергенчилик чарба ишин натыйжалуу жөнгө салууга, контролдоого жана көзөмөлдөөгө, Кыргыз Республикасында аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоого жана көбөйтүүгө жана туруктуу пайдаланууга өбөлгө болуучу шарттарды камсыз кылуу;

5) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу;

6) аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатында жаратылышты пайдалангандай эле (кен байлыктарды пайдалануу, сууну пайдалануу, жайытты пайдалануу, башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу) жерди пайдалануунун башка түрлөрүн жөнгө салуу;

7) аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө карата эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-6)
