# 34-берене. Аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан келишимдердин сакталышына контролду жүзөгө ашыруунун тартиби

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 34-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-34

---

1. Аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин шарттарынын сакталышына контроль аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген отчеттордун аныктыгын жана сапатын, ошондой эле аңчылыкты пайдалануучулардын мергенчилик чарба пландарын аткаруу боюнча документтерин зарылдыгына жараша текшерет. Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча актылар түзүлөт жана табылган кемчиликтерди жана тартип бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктар чыгарылат. Аңчылыкты пайдалануучу жазма буйрукту аткаргандыгы тууралуу аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө маалымдайт.

3. Аңчылыкты пайдалануучу тарабынан жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирилгенде ага белгиленген тартипте айып пул салынат, доолор коюлат.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-35)
