Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
33-берене. Аңчылык чөйрөсүндө контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жана аңчылык продукциясын пайдалануунун тартиби
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 13 ноября 2023 года № 197
1. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө табылган тартип бузуулар (браконьердик) боюнча айып пул жана доо суммаларын коюу жана өндүрүү жана өндүрүлгөн суммаларды пайдалануу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө жол берилген тартип бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмдөрү жана аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууга доолордун өлчөмүн эсептеп чыгуу үчүн таксалар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат. Аңчылык жаныбарларын мыйзамсыз алгандыгы үчүн доолордун суммаларын эсептөө үчүн таксалардын өлчөмдөрү чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар тарабынан жаныбарлардын ушул түрлөрүн атайын пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн ставкаларынын өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.
3. Аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммалары аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине чегерилет. Тартип бузуулардын жана браконьердиктин фактыларын тапкан адамдарга (протоколдорду түзүүчүлөргө) мергенчилик жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммаларынын 50 пайызы сыйакы катарында төлөнүп берилет.
4. Мыйзамсыз олжолонгон аңчылык жаныбарлары жана аңчылыктын башка продукциялары, аңчылык жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо куралы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акысыз алынып коюуга же конфискацияланууга жатат.
5. Тартип бузуучулардан (браконьерлерден) акысыз алынып коюлган же конфискацияланган тирүү аңчылык жаныбарлары аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илимий мекемелер менен макулдашылган чечими боюнча жашоо чөйрөсүнө кайра кайтарып берүүгө жатат.
Эгерде акысыз алынып коюлган же конфискацияланган жаныбарлардын дене-бой абалы, аларды колдо багуунун узактыгы, бул жаныбарлардын жаралган жери тууралуу маалыматтын жоктугу же башка факторлор аларды жашоо чөйрөсүнө кайра кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк бербесе, көрсөтүлгөн аңчылык жаныбарлары келишим боюнча кызыкдар жактарга (реабилитациялык борборлорго, питомниктерге, зоопарктарга жана башкаларга) акысыз өткөрүп берилүүгө же жок кылынууга жатат.
6. Белгиленген тартипте акысыз алынып коюлган же конфискацияланган аңчылык жаныбарларын, аңчылыктын башка продукцияларын жана мыйзамсыз олжолоо куралдарын сактоонун (кармап туруунун), пайдалануунун, өткөрүп берүүнүн же жок кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
7. Мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү, өндүрүштүк мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу адамдар текшерүүлөрдү жүргүзүүдө кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурларда, ошондой эле коомдук мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу адамдар тарабынан укукка каршы аракеттер жасалганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү, өндүрүштүк мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу адамдардын кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги), ошондой эле коомдук мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу адамдардын укукка каршы аракеттери алардын жогору турган органына (уюмуна) жана (же) кызмат адамына же сотко Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
9. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, жазыктык жана администрациялык жоопкерчилик тартышат.
10. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) өз компетенциясынын чегинде тартип бузуучуларды жана браконьерлерди белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу, аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу доолорун өндүрүп алуу жөнүндө сот органдарына кайрылууга укуктуу.
11. Мыйзамсыз аңчылык жана жапайы жаныбарларды олжолоо (браконьердик) жагдайлары жана фактылары жазылып алынган видео- жана фото тартуулар алардын жасалгандыгынын далили катары көрсөтүлүшү мүмкүн.
12. Мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 13-ноябрындагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 13 ноября 2023 года № 197 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об охоте и охотничьем хозяйстве"Редакцияларды салыштыруу
13.11.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…зыяндын ордун толтурууда өндүрүлгөн доолордун суммаларынын алынып салынды: 30 кошулду: 50 пайызы сыйакы катарында төлөнүп берилет.
4. Мыйзамсыз олжолонгон … тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
кошулду: (КР 2023-жылдын 13-ноябрындагы № 197 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205263/st-33" title="33-берене - Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>